> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетикалык компанияларды оптималдаштыруудан түшкөн 1.7 млрд сом тышкы карыздарды жабууга жумшалат
- URL: https://im.kg/all/2021/12/27/energetikalyk-kompaniyalardy-optimaldashtyruudan-t-shk-n-1-7-mlrd-som-tyshky-karyzdardy-zhabuuga-zhumshalat/
- Published: 2021-12-27T11:02:37.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:14:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Энергетика тармагынын тышкы карызы 28 жыл ичинде 2.2 млрд долларды түзсө, учурда техникалык жабдуулардын 70%дан ашыгы эскирген абалда экенин 25-январда Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында Акылбек Жапаров билдирди.**

Анын айтымында, 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилин өткөрүүгө республикалык бюджеттен 3.3 млрд сом бөлүнгөн, бирок калктын көмүр менен жетиштүү түрдө камсыз болбой калышы тармактын бардык көйгөйлөрүн ачыкка чыгарган.

> «Бөлүштүрүүчү энергетикалык компанияларды оптималдаштыруудан арткан 1.7 млрд сом тышкы карызды жабууга сарпталат», – деди Жапаров.