> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эркиндик бул аябагандай маанилүү. Равшан Жээнбеков камактан чыкты
- URL: https://im.kg/all/2021/12/27/erkindik-bul-ayabagandaj-maanil-ravshan-zheenbekov-kamaktan-chykty/
- Published: 2021-12-27T15:41:42.000Z
- Updated: 2023-05-03T08:02:08.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Саясатчы Равшан Жээнбеков камактан эркиндикке чыкты. Бул тууралуу саясатчы бүгүн, 27-декабрда өзүнүн фейсбук баракчасында [кабарлады](https://www.facebook.com/ravshan.djeyenbekov/posts/10160162912002975).**

Жээнбеков видео кайрылуу жасап, анда жаңы күчүнө кирген Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесине ылайык, эркиндикке чыкканын билдирген.

> «Эркиндик бул аябагандай маанилүү. Мени колдогондорго ЖМКга, жарандык коомго, тарапташтарыма жана саясатчылардын баарына терең ыраазычылыгымды билдирем», – деди ал. 

Эскерте кетсек, Жээнбеков быйыл парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкер болгон. Президент Садыр Жапаров шайлоодо Равшан Жээнбековго добуш бергени тууралуу айткан эле. 

Равшан Жээнбеков 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылындагы окуя боюнча кармалып, айыпталган болчу. 2020-жылдын октябрындагы окуялардан кийин ал бошотулуп, үй камагында жүргөн. 2021-жылдын 5-августунда «үй камагын бузуу» боюнча баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал кайрадан камакка алынган. Ал эми 27-декабрда Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынгандардын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Жээнбеков эркиндикке чыккан.