Эркиндик бул аябагандай маанилүү. Равшан Жээнбеков камактан чыкты
Саясатчы Равшан Жээнбеков камактан эркиндикке чыкты. Бул тууралуу саясатчы бүгүн, 27-декабрда өзүнүн фейсбук баракчасында кабарлады.
Жээнбеков видео кайрылуу жасап, анда жаңы күчүнө кирген Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесине ылайык, эркиндикке чыкканын билдирген.
«Эркиндик бул аябагандай маанилүү. Мени колдогондорго ЖМКга, жарандык коомго, тарапташтарыма жана саясатчылардын баарына терең ыраазычылыгымды билдирем», – деди ал.
Эскерте кетсек, Жээнбеков быйыл парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкер болгон. Президент Садыр Жапаров шайлоодо Равшан Жээнбековго добуш бергени тууралуу айткан эле.
Равшан Жээнбеков 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылындагы окуя боюнча кармалып, айыпталган болчу. 2020-жылдын октябрындагы окуялардан кийин ал бошотулуп, үй камагында жүргөн. 2021-жылдын 5-августунда «үй камагын бузуу» боюнча баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал кайрадан камакка алынган. Ал эми 27-декабрда Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынгандардын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Жээнбеков эркиндикке чыккан.