> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Канат Абдрахманов Экономика жана соода министринин жаңы орун басары болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2021/12/27/kanat-abdrahmanov-ekonomika-zhana-sooda-ministrinin-zha-y-orun-basary-bolup-dajyndaldy/
- Published: 2021-12-27T13:18:07.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:28:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 27-декабрда, аппараттык жыйында Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев министрдин жаңы орун басары Канат Абдрахмановду тааныштырды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.** 

  
Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

37 жаштагы Канат **Абдрахманов** буга чейин Экономика министрлигинде инвестициялык саясат жана соода бөлүмүнүн башчысы, Инвестициялар министрлигинде, Экономика жана соода министрлигинде кеңешчи болуп [эмгектенип келген](http://mineconom.gov.kg/ru/post/7474).