> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кыргызкөмүр» ишканасы Кара-Кечеден көмүр берүүнү токтотту
- URL: https://im.kg/all/2021/12/27/kyrgyzk-m-r-ishkanasy-kara-kecheden-k-m-r-ber-n-toktottu/
- Published: 2021-12-27T10:51:27.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кыргызкөмүр» ишканасы Кара-Кече кенинен көмүр сатууну токтотту. Бул тууралуу аталган мамлекеттик ишкананын басма сөз кызматы билдирди.**

Берилген маалыматка караганда, бул карьердеги тазалоо жана жаңы көмүр катмарын чалгындоо иштерине байланыштуу болгон. Ошол эле учурда Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү иштери кадимки тартипте жүргүзүлө бермекчи.

Көмүр берүү 2022-жылдын 10-январынан кийин жанданаарын мамлекеттик ишканадан билдиришти.