> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан 2020-жылы коронавирус менен күрөшүү үчүн донорлордон жана «Центерра Голддон» 424 млн доллар алды
- URL: https://im.kg/all/2021/12/27/kyrgyzstan-2021-zhyly-koronavirus-menen-k-r-sh-ch-n-donorlordon-zhana-centerra-golddon-424-mln-dollar-aldy/
- Published: 2021-12-27T09:41:29.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:16:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан былтыр эл аралык донорлордон жана канадалык алтын өндүрүүчү Centerra Gold Inc. компаниясынан коронавирус менен күрөшүү үчүн** **424 млн доллар алган. Бирок бул акча өз максатына карата жумшалган эмес. Бул тууралуу өткөн ишембиде, 25-декабрда, Министрлер кабинетинин жылдын жыйынтыктоочу жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.**

Жапаровдун айтымында, эл аралык донорлордон **350 млн доллар** коронавирус менен күрөшүүгө үч багыт боюнча бөлүнсө, дагы **74 млн доллар** «Центерра Голддон» түшкөн.

> «Тилекке каршы, бул каражаттар максаттуу жумшалган жок. Жаңы ооруканалар курулган жок. Бардыгы бюджетти колдоого кетти», – деди ал.

Президент быйыл коронавируска каршы күрөш улантылганын кошумчалады. «Бул вирус бизди ар кандай штаммдар менен коркутуп келди. Бирок биз аны жеңдик», – деди Жапаров.