Виртуалдык юрист «Милдет» Telegram-боту: реалдуу коргоо алдында

БУУӨПдүн маалыматы боюнча, Кыргызстанда күйөөсү менен ажырашкан аялдар балдарына мурунку күйөөлөрү алимент төлөбөй жүргөн абалга көп туш келишет. Мындай учурлардын 92%да энелер балдары менен жалгыз калып, сот аркылуу алимент өндүрүүгө аракет кылышат. Ушундай эле оор абалга эркектердин 8 гана пайызы туш болот.

Ушул эле эмес, дагы башка укуктук чөйрөдөгү көйгөйлөрдүн актуалдуулугу кыргызстандык юрист Фатима Якупбаеваны жергиликтүү калкка акысыз юридикалык кызмат көрсөтүү боюнча өлкөдөгү биринчи виртуалдык кеңешчи түзүүгө түрткү берген.

2020-жылдан бери «Милдет» Telegram-боту кыргызстандыктарга онлайн режимде кеңеш берип, керектүү документтерди тариздөөгө: карыз берүүдөгү тил кат, алимент өндүрүү же жумуштан мыйзамсыз бошотулган учурда мурунку кызматына кайрадан келүү үчүн арыз жазуу сыяктуу учурларда жардам берип келет.

Жакында эле, бот БУУӨП колдоосу менен ЕБ-БУУ «Луч света» биргелешкен демилгесинин алкагында кеңейтилген. Эми виртуалдык жардамчынын колдоосу аркылуу, балага алимент өндүрүүдө сот аткаруучунун аракетсиздиги тууралуу арыз менен кайрылууга, аталыкты аныктоо же ажырашуу жөнүндө арызды тариздөөгө да болот.

«Милдет» ошондой эле мүлктү же мурасты бөлүштүрүү, жеке ишкерди каттоо, салык режимдери, жумуштагы талаш-тартыш  маселелер жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча кеңештерди бере алат. Telegram-бот үч версияда – кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде сунушталгандыктан, анын негизинде юридикалык жардам колдонуучулардын кеңири чөйрөсүнө жеткиликтүү.