«Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна мамлекеттик комплекс курулат. Бирок кандай комплекс маалымат жок

«Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплексти куруу чечими кабыл алынды. Учурда анын максаттуулугу боюнча маселе каралууда. Бул тууралуу президенттин иш-башкармалыгынан кабарлашты.

Мейманкананы бузуу иштерин «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Курулуш иштерин Президенттин Жарлыгы менен жаңы түзүлгөн КРнын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция жүргүзөт.

Эскерте кетсек, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров мейманкананы бузуу демилгесинин кайдан чыкканын жана кимдерге тиешелүү экендиги тууралуу божомолун айтып, ага учурдагы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тиешеси болушу мүмкүн деген пикирин билдирген болчу.

  • «Ысык-Көл» мейманканасы 1984-жылы курулган жана 2007-жылдан тартып колдонулбай калган. Ал кезде толук реконструкция талап кылынган. Имаратты сактап калуу жана эл аралык талаптарга жооп берген заманбап мейманкана катары иштетүү үчүн толук реконструкция кылуу максатында бир нече жыл бою көптөгөн инвесторлор менен, анын ичинде чет элдик дагы, сүйлөшүүлөр жүргөн.