Жаңы киргизилип жаткан Салык кодексинин фискалдаштыруу процессине тиешеси жок – министр
Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев жеке ишкерлердин ККМди колдонууга каршы нааразычылык акциялары тууралуу «Биринчи Радиого» берген комментарийинде жаңы киргизилип жаткан Салык кодексинин фискалдаштыруу процессине таасири да тиешеси да жок экендигин билдирди.
Анын айтымында, жаңы кирген кодексте кошумча салыктар же жаңы беренелер, салык түрлөрү кирген эмес.
«Базардагы майда жана дүң сатуучулар менен карама-каршылык эмес, түшүнбөстүктөр болуп жатат. Эгерде кирешеси бирдиктүү салыктан ашып кетсе, анда жалпы салык режиминин алкагында төлөй беришет салыкты. Негизи жалпы кирешеден бүт чыгымдарды алып туруп, таза тапкан кирешесинен салык төлөйт.
Алар негизинен жаңы Салык кодекс президент тарабынан кайра кайтарылсын дешүүдө. Бирок биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Жаңы киргизилип жаткан Салык кодекси фискалдаштырууга тиешеси жок», – деди ал.
Эскерте кетсек, 2022-жылдан тартып күчүнө кире турган жаңы Салык кодексине ылайык, ишкерлер ККМди колдонууга милдеттендирилет. Буга байланыштуу Бишкектин базарларынын сатуучулары ККМди колдонуудан баш тартып, митингдерге чыгышууда.