> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 1-3 январь күндөрү кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
- URL: https://im.kg/all/2021/12/28/1-3-yanvar-k-nd-r-kyrgyz-kytaj-chek-arasy-ubaktyluu-zhabylat/
- Published: 2021-12-28T12:08:40.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кытайдын демилгеси менен кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.** 

> 1-3-январь күндөрү Кыргызстан менен Кытайдын чек ара аймагында жайгашкан «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери убактылуу жабылат. Бул күндөрү транспорт каражаттарын жана жүктөрдү алып өтүү токтотулат. 

Берилген маалыматка ылайык, 4-январь күнү өткөрмө бекеттер кайрадан иштеп баштайт.