1-3 январь күндөрү кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кытайдын демилгеси менен кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

1-3-январь күндөрү Кыргызстан менен Кытайдын чек ара аймагында жайгашкан «Торугарт»  жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери убактылуу жабылат. Бул күндөрү транспорт каражаттарын жана жүктөрдү алып өтүү токтотулат. 

Берилген маалыматка ылайык, 4-январь күнү өткөрмө бекеттер кайрадан иштеп баштайт.