> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# AFEI Холдинг КРда диагностикалык борбор ачууну пландаштырууда – 25 млн долларга инвестиция тартылат
- URL: https://im.kg/all/2021/12/28/afei-holding-krda-diagnostikalyk-borbor-achuunu-plandashtyruuda-25-mln-dollarga-investiciya-tartylat/
- Published: 2021-12-28T10:39:15.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:11:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 27-декабрда Инвестиция боюнча агенттиктин (KADI)** **жетекчиси Нурадил Баясов AFEI Holding корпорациясынын төрагасы менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.**

Агенттиктен билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында корпорация мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында муниципалдык оорукананын аймагында диагностикалык борбор ачууга кызыкдар.

> Диагностикалык борбордун негизги кызматы – магниттик-резонанстык томография болмокчу. Бул үчүн Кытайдан Supernova H15 МРТ-аппараты сатылып алынат. 

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында, аталган агенттик инвестор менен биргеликте медициналык жабдууларды чыгарган 10 мыкты компаниялардын бири болгон **Neusoft Medical Systems** компаниясынан акыркы медициналык жабдууларды орнотуу үчүн **1.5 млн доллардан 25 млн долларга** чейин инвестиция тартаарын агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

> Агенттик долбоордун биринчи этабын 2022-жылдын февраль айына чейин ишке ашырууну пландап жатканын кошумчалады.

Корпорация кыргызстандыктарга заманбап медициналык кызмат көрсөтүү үчүн КРда көп тармактуу оорукана ачууну да пландоодо. AFEI Холдинг КРнын аймагында жаңы кластерди – медициналык туризмди түзүүгө кызыкдар. Бул долбоорду ишке ашырууга **80 млн доллардан** ашык каражат тартуу пландалууда.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/photo1640601538-3-880x1024.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/photo1640601538-3.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/photo1640602139-1024x722.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/photo1640602139.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/photo1640601538-880x1024.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/photo1640601538.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/photo1640601538-2-1024x700.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/photo1640601538-2.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/photo1640601538-1-1024x682.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/photo1640601538-1.jpeg)