AFEI Холдинг КРда диагностикалык борбор ачууну пландаштырууда – 25 млн долларга инвестиция тартылат

Кечээ, 27-декабрда Инвестиция боюнча агенттиктин (KADI) жетекчиси Нурадил Баясов AFEI Holding корпорациясынын төрагасы менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Агенттиктен билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында корпорация мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында муниципалдык оорукананын аймагында диагностикалык борбор ачууга кызыкдар.

Диагностикалык борбордун негизги кызматы – магниттик-резонанстык томография болмокчу. Бул үчүн Кытайдан Supernova H15 МРТ-аппараты сатылып алынат.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында, аталган агенттик инвестор менен биргеликте медициналык жабдууларды чыгарган 10 мыкты компаниялардын бири болгон Neusoft Medical Systems компаниясынан акыркы медициналык жабдууларды орнотуу үчүн 1.5 млн доллардан 25 млн долларга чейин инвестиция тартаарын агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Агенттик долбоордун биринчи этабын 2022-жылдын февраль айына чейин ишке ашырууну пландап жатканын кошумчалады.

Корпорация кыргызстандыктарга заманбап медициналык кызмат көрсөтүү үчүн КРда көп тармактуу оорукана ачууну да пландоодо. AFEI Холдинг КРнын аймагында жаңы кластерди – медициналык туризмди түзүүгө кызыкдар. Бул долбоорду ишке ашырууга 80 млн доллардан ашык каражат тартуу пландалууда.