> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетика тармагына бюджеттен 2021-жылы 6 млрд сом бөлүнгөн
- URL: https://im.kg/all/2021/12/28/energetika-tarmagyna-bjudzhetten-2021-zhyly-6-mlrd-som-b-l-ng-n/
- Published: 2021-12-28T14:42:34.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Энергетика тармагына бюджеттен 2021-жылы 6 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги [билдирет](http://www.minfin.kg/novosti/byudzhet/-resbulikalyk-byudzhettin-2022-zhylyna-karata--per).** 

Министрликтин берген маалыматына ылайык, жалпысынан энергетика тармагына бюджеттен 2021-жылы **6 млрд сом** бөлүнгөн. 2021-жылы күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүү үчүн **3.3 млрд сом** бюджеттик кредит берилген. 

Ал эми 2022-жылы бул **1.8 млрд сомго** өсүү менен, тагыраак айтканда, **7.8 млрд. сом** суммасында бөлүү пландалууда, анын ичинде бюджеттик кредиттер – 4.3 млрд сомду түзөт.

> Министрлик бүгүнкү күндө бюджеттик кредиттер боюнча карыздар **136 млрд сомду** түзгөнүн билдирди.

Энергетика тармагын финансылык жактан жакшыртуу максатында, Финансы министрлиги бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды уставдык капиталга конвертациялоо механизмин карап чыгууда. Ошону менен бирге, энергетика компанияларынын уставдык капиталы **293.2 млрд сомго** чейин көбөйөт.