Энергетика тармагына бюджеттен 2021-жылы 6 млрд сом бөлүнгөн

Энергетика тармагына бюджеттен 2021-жылы 6 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.

Министрликтин берген маалыматына ылайык, жалпысынан энергетика тармагына бюджеттен 2021-жылы 6 млрд сом бөлүнгөн. 2021-жылы күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүү үчүн 3.3 млрд сом бюджеттик кредит берилген.

Ал эми 2022-жылы бул 1.8 млрд сомго өсүү менен, тагыраак айтканда, 7.8 млрд. сом суммасында бөлүү пландалууда, анын ичинде бюджеттик кредиттер – 4.3 млрд сомду түзөт.

Министрлик бүгүнкү күндө бюджеттик кредиттер боюнча карыздар 136 млрд сомду түзгөнүн билдирди.

Энергетика тармагын финансылык жактан жакшыртуу максатында, Финансы министрлиги бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды уставдык капиталга конвертациялоо механизмин карап чыгууда. Ошону менен бирге, энергетика компанияларынын уставдык капиталы 293.2 млрд сомго чейин көбөйөт.