ОКӨФ «Бала-Саруу» ГЭСин курууга 23 млн доллар берет – толук каржылайт

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) Талас облусундагы Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» ГЭСин (мамлекеттик үлүшү 100%) курууга 22.9 млн доллар (азыркы курс менен 1.9 млрд сомдон ашык) берет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

«Бала-Саруу» ГЭСинин курулуш долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзөт, үч генераторлуу, орточо 92 млн кВт/с өлчөмүндөгү электр энергиясын иштеп чыгаруучу чакан ГЭСти түшүндүрөт.

Аталган гидроэлектростанциянын иштөө режими ирригациялык режимге жана Киров суу сактагычынан сууну кое берүүсүнө ылайык жөнгө салынат. 

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 29-августунда президент Садыр Жапаров Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» жаңы чакан гидроэлектр станциясын курууга капсула салган.   

Жаңы гидроэлектр станциясынын курулушун Энергетика министрлигинин жана «Улуттук холдинг компаниясы» ААКнын көмөгү менен «Чакан ГЭС» ААК иш жүзүнө ашырмакчы. Жол картасына ылайык, долбоорду 2022-жылдын декабрь айында жыйынтыктоо пландаштырылууда.