> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россия КРга 10 миң реагенттер комплекси менен тест-системаларды акысыз берүүсү күтүлүүдө
- URL: https://im.kg/all/2021/12/28/rossiya-krga-10-mi-reagentter-kompleksi-menen-test-sistemalardy-akysyz-ber-s-k-t-l-d/
- Published: 2021-12-28T15:41:34.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:15:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Россия КРга 10 миң реагенттер комплекси менен тест-системаларды акысыз берүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу КРнын РФгы Элчилигинин маалымат кызматы [кабарлады](https://www.facebook.com/kgembassyru/).** 

Бул боюнча Элчилик менен Россиянын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын бакубаттуулугун көзөмөлдөө федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) «Борбордук эпидемиология илимий-изилдөө институту» илимий федералдык бюджеттик мекемесинин ортосунда макулдашуу болгон.

Тиешелүү гуманитардык жүк Кыргызстандын «Авиатрафик» авиакомпаниясынын жардамы менен Жаңы Жылдын алдында Бишкекке келээри пландалууда дейт элчиликтен.