Россия КРга 10 миң реагенттер комплекси менен тест-системаларды акысыз берүүсү күтүлүүдө
Россия КРга 10 миң реагенттер комплекси менен тест-системаларды акысыз берүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу КРнын РФгы Элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.
Бул боюнча Элчилик менен Россиянын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын бакубаттуулугун көзөмөлдөө федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) «Борбордук эпидемиология илимий-изилдөө институту» илимий федералдык бюджеттик мекемесинин ортосунда макулдашуу болгон.
Тиешелүү гуманитардык жүк Кыргызстандын «Авиатрафик» авиакомпаниясынын жардамы менен Жаңы Жылдын алдында Бишкекке келээри пландалууда дейт элчиликтен.