Салык кызматы жүк ташыган унааларга навигациялык пломбаны коюуну тестирлөөдө
Салык кызматы улуттук оператор менен биргеликте КРнын аймагы аркылуу жүктөрдү автомобиль менен ташууда навигациялык пломбаларды колдонууну тестирлөө боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүдө. Бул тууралуу СКнын маалымат кызматы билдирди.
Пилоттук долбоор 2022-жылдын 15-январына чейин иштейт.
Навигациялык пломба ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден КРнын аймагына импорттоо учурунда жүк ташуучу автотранспорттук каражаттар менен товарларды ташууга байкоо жүргүзүү, товар жүгүртүүнүн мыйзамдуулугун тастыктоо, товарлардын багытталган пунктка жеткирилишин контролдоону камсыздоо жана тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларын ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонууну киргизүүгө даярдоо максатында колдонулат.
Көрсөтүлгөн мезгилде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүдө навигациялык пломба эшиктердин бекитүүчү түзүлүштөрүнө жана транспорттук каражаттын (контейнердин) жүк турган бөлүктөрүнө илинет.
Пилоттук долбоорго КРнын аймагына алкоголдук жана тамеки продукцияларын ташып келүүчү 6 компания – FORESTER, «Сибирь Трейд», «Глобал Риверс», «Крона Трейд», «Тобако Маркет», «Росс Табак» ЖЧКлары катышууда.
Пилоттук долбоордун катышуучулары үчүн транспорт каражаттарынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломбалар ыктыярдуу жана акысыз негизде орнотулат.