> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түштүк Кореядан келе жаткан автоунааларды Кытай КРга жакынкы күндөрү кое берет
- URL: https://im.kg/all/2021/12/28/t-sht-k-koreyadan-kele-zhatkan-avtounaalardy-kytaj-krga-zhakynky-k-nd-r-koe-beret/
- Published: 2021-12-28T17:12:02.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КЭР** **Кытайдын Циндао жана Ляньюньган деңиз портторунда кармалып турган Түштүк Кореядан келе жаткан 2015-жылы чыгарылган автоунаалар жүктөлгөн контейнерлерди КРга тез арада өткөрүү боюнча чечим кабыл алгандыгын [билдирди](https://mfa.gov.kg/kg/osnovnoe-menyu/press-sluzhba/prikreplennye-novosti/sostoyalas-vstrecha-ministra-inostrannyh-del-kyrgyzskoy-respubliki-rkazakbaeva-s-kitayskoy-delegaciey-vo-glave-so-specpredstavitelem-pravitelstva-knr-po-delam-evrazii-g-nom-li-huey?fbclid=IwAR3Se1tjWhlu7Oke9fX3Ks%5FerqNwhIUt7IzbXnsgK06G1rzWU-LkGGOSBdY).**

Бул тууралуу кечээ, 27-декабрда КРнын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытай Өкмөтүнүн Евразия иштери боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй мырза башында турган делегацияны кабыл алуу учурунда белгилүү болду. 

> Жолугушууда кыргыз тарап автоунаалар жүктөлгөн контейнерлерди үстүбүздөгү жылдын **31-декабрына чейин тез арада чыгарууга көмөк көрсөтүү** өтүнүчү менен кайрылган. 

Тараптар өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата 2022-жылга пландалган биргелешкен иш-чаралар боюнча пикир алышты. Кытай КРнын негизги соода-инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин эске алып, Казакбаев кытай тарапты КРнын аймагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда биргелешип иштешүүгө чакырды.