Түштүк Кореядан келе жаткан автоунааларды Кытай КРга жакынкы күндөрү кое берет
КЭР Кытайдын Циндао жана Ляньюньган деңиз портторунда кармалып турган Түштүк Кореядан келе жаткан 2015-жылы чыгарылган автоунаалар жүктөлгөн контейнерлерди КРга тез арада өткөрүү боюнча чечим кабыл алгандыгын билдирди.
Бул тууралуу кечээ, 27-декабрда КРнын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытай Өкмөтүнүн Евразия иштери боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй мырза башында турган делегацияны кабыл алуу учурунда белгилүү болду.
Жолугушууда кыргыз тарап автоунаалар жүктөлгөн контейнерлерди үстүбүздөгү жылдын 31-декабрына чейин тез арада чыгарууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.
Тараптар өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата 2022-жылга пландалган биргелешкен иш-чаралар боюнча пикир алышты. Кытай КРнын негизги соода-инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин эске алып, Казакбаев кытай тарапты КРнын аймагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда биргелешип иштешүүгө чакырды.