Таластык ишкерлер ККМди колдонуудан баш тартып, патенттик системаны калтырууну талап кылышууда

Талас шаарындагы бир катар соода борборлорунун сатуучулары 2022-жылдан тарта кассалык-көзөмөл машиналарды (ККМ) милдеттүү түрдө колдонууну жокко чыгаруу талабы менен кечээ, 27-декабрда митингге чыгышканын «Азаттык» билдирди.

Нааразычылык акциясы «Алтын Казык» соода борборунда өтүп, ага 20га жакын адам катышкан. Алардын айтымында, ишкерлер азырынча ККМге өтүүгө даяр эмес. Митингге чыккандар жаңы эрежелер баанын дагы өсүшүнө алып келет деп эсептешет.

«Учурдагы жана былтыркы бааларды салыштырып көргүлө. Баары кымбаттап кетти. Эми айлык маянаны карасаңар, ал көтөрүлдүбү? Элдин абалы жакшырган жок. Биринчиден, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу керек. Биз бул салыктарды товардын наркына киргизишибиз керек болот», – дейт ишкер Медер Озорбаев.

Митингчилер президентке, Жогорку Кеңешке жана Министрлер кабинетине кайрылуу жолдошуп, патент системасын калтырып, Салык кодексинин жаңы редакциясын кайтарып алууну талап кылышууда.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган жаңы Салык кодексине ылайык, ишкерлер ККМди колдонууга милдеттендирилет. Бирок Экономика жана соода министри Данияр Амангельдиев кечээ, 27-декабрдагы билдирүүсүндө жаңы киргизилип жаткан Салык кодексинин фискалдаштыруу процессине таасири да тиешеси да жок деген пикирин айткан.