> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк доллардын курсун кармоо үчүн 66 млн долларлык интервенция жасады
- URL: https://im.kg/all/2021/12/28/uluttuk-bank-dollardyn-kursun-karmoo-ch-n-66-mln-dollarlyk-intervenciya-zhasady/
- Published: 2021-12-28T09:41:09.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк кечээ, 27-декабрда бул айдагы экинчи жана быйыл он бешинчи интервенцияны жүргүздү. Өсүп жаткан суроо-талапты канааттандыруу үчүн коммерциялык банктарга 65 млн 950 миң доллар сатылды.**

Доллардын бардык көлөмүн сатуу интервенция жасалган күндөн башка датадагы эсептешүүлөр менен ишке ашырылган, башкача айтканда, банктар бул каражаттарды кийинчерээк алышат.

> Белгилей кетсек, бүгүн [valuta.kg](https://valuta.kg/) порталынын маалыматы боюнча, Бишкекте америкалык доллардын орточо базардагы сатуу курсу **84.95 сомго** жетти.

Акыркы жолу Улуттук банк валюта рыногуна доллар сатуу боюнча интервенция менен 7-декабрда чыккан. Анда УБ быйылкы рекорддук көрсөкүчкө жетип, **71.3 млн доллар** саткан эле.

> 2021-жылы жасалган **15 интервенцияда** УБ доллардын өсүшүн кармап туруу үчүн эл аралык резервдерден **698.95 млн доллар** коротту.