> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 1-9-январь күндөрү калкты тейлөө борборлору иштебейт
- URL: https://im.kg/all/2021/12/29/1-9-yanvar-k-nd-r-kalkty-tejl-borborloru-ishtebejt/
- Published: 2021-12-29T10:53:25.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда 2022-жылдын 1-январынан 9-январына чейин калкты тейлөө борборлору иштебейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.**

Келерки жылдын бекитилген календарына ылайык, **1-январдан 9-январга чейин эс алуу күндөрү** деп жарыяланган. Андыктан өлкө боюнча калкты тейлөө борборлору **10-январдан тартып** иштей баштайт.

Бөлүм жарандарды алдыдагы дем алыш күндөрүн эске алуу менен алдын ала даярдалган документтерди каттоо жана кабыл алуу маселелерин бүтүрүп алууну суранат.

Ал эми 31-декабрда бардык калкты тейлөө борборлорунун иш графиги бир саатка кыскарат. Андыктан саат 17:00дө жумуш күнү аяктаарын аталган министрликтен кабарлашты.