> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2021-жылдын III чейрегинде импорттун өсүшү 46%ды түзсө, экспорт 11%га жогорулаган
- URL: https://im.kg/all/2021/12/29/2021-zhyldyn-iii-chejreginde-importtun-s-sh-46-dy-t-zs-eksport-11-ga-zhogorulagan/
- Published: 2021-12-29T12:09:17.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын III чейрегинде соода балансы импорттук сыяктуу эле, экспорттук операциялардын да өсүшүнүн таасири астында түптөлгөн. Импорттун өсүшү 46.1%ды түзсө, экспорт 10.8%га жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук банктын 2021-жылдын III чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчетунда айтылат.**

Жыйынтыгында өлкөнүн соода балансынын тартыштыгы 729.9 млн доллар өлчөмүндө түптөлгөн. Тышкы соода жүгүртүү көлөмү 32.8%га жогорулап, 2 млрд долларды түзгөн. 

Ал эми 2021-жылдын III чейрегинде **акча которуулар көлөмү** 2020-жылдагы ушул эле көрсөткүчкө салыштырганда **4.1%га өскөн**.  
2021-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча алдын ала алынган маалыматка ылайык, мамлекеттик бюджеттин профицити 3.7 млрд сомду же ИДПга карата 0.85ды түзгөн.

2021-жылдын сентябрь айынын акырына карата абал боюнча **керектөө бааларынын өсүшү** өтүп жаткан жылдын башталышынан тартып **6.5%ды түзгөн** (жылдык мааниде инфляция 13.5%).

Баалардын өсүшүнө олуттуу салымды азык-түлүк товарлары кошкон, тагыраак айтканда, алардын ичинен төрт түрүнө баалардын жогорулашы өсүштүн негизги бөлүгүн түзгөн: **эт, күн карама майы, кант** жана **нан**. 

> Өтүп жаткан жылдын башталышынан бери топтолуп келген инфляциянын **40%нын көбү** жогоруда аталган товарларга баалардын өсүшү менен шартталган.