> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылы экономиканын калыбына келүүсү убакытты жана бийликтен реформаларды талап кылат
- URL: https://im.kg/all/2021/12/29/2022-zhyly-ekonomikanyn-kalybyna-kel-s-ubakytty-zhana-bijlikten-reformalardy-talap-kylat/
- Published: 2021-12-29T13:00:51.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:05:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылы экономиканын калыбына келүүсү белгилүү бир убакытты жана өлкөнүн өкмөтүнөн реформаларды талап кылат. Бул тууралуу Улуттук банктын 2021-жылдын III чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчетунда 2022-жылга карата божомолунда айтылат.**

> Отчетто эксперттердин баа берүүлөрүнө ылайык, келээрки жылы өндүрүштүн терс ажырымы азаят жана ИДӨнүн потенциалдуу өсүш арымына жетишүү **2022-жылдын аягында гана** мүмкүн болот.

2021-жылдын III чейрегинде өлкөдөгү экономикалык жигердүүлүктүн  
басаңдашы, негизинен, Кумтөр кенинде алтын өндүрүүнүн кыскарышы жана айыл чарба секторунда өндүрүштүн төмөндөшү  
менен шартталган. Өтүп жаткан жылдын жаз-жай мезгилиндеги жагымсыз климаттык шарттар, анын ичинде вегетация мезгилинде сугат суусунун жетишсиздиги айыл чарба тармагынын өсүш арымынын төмөндөшүнө өбөлгө түзгөн. 

Базалык сценарийге ылайык, **2021-жылдын жыйынтыгы боюнча КРда ИДПнын өсүшү болжол менен 2.9%ды түзөрү** күтүлүүдө.

> Ошол эле учурда 2021-жылы экономикалык жигердүүлүктүн өтө жай калыбына келүүсүнүн алкагында **2022-жылы** салыштырмалуу **орточо өсүш арымы болжолдонууда**. Отчетто пандемиядан жана саясий окуялардан жабыркаган экономика калыбына келүү үчүн өкмөттөн бир катар реформаларды талап кылаары айтылат.