> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# JICA Бишкек – Ош жолунун коопсуздугун камсыздоого  9.1 млн доллар берет
- URL: https://im.kg/all/2021/12/29/jica-bishkek-osh-zholunun-koopsuzdugun-kamsyzdoogo-9-1-mln-dollar-beret/
- Published: 2021-12-29T10:04:01.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек –** **Ош жолундагы карды тазалоого Япония 9.1 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу JICA эл аралык кызматташуу агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.**

> Бишкек **–** Ош жолуна мүнөздүү болгон кар көчкүлөрдү тазалоо, жол кыймылынын коопсуздугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо үчүн Япония өкмөтү Кыргызстанга **1.3 млрд иен** (9.1 млн долларга жакын) өлчөмүндө акысыз жардам көрсөтөт.

Уюмдан билдиришкендей, 24-декабрда Финансы министрлигинде «Бишкек-Ош унаа жолун кар көчкүлөрдөн коргоо» долбоору боюнча гранттык макулдашууга кол коюу аземине Япониянын элчиси Шигеки Маэда жана JICAнын туруктуу өкүлү Хироюки Кавамото катышкан.

- Долбоор **Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында** кардан коргоочу конструкцияларды, тактап айтканда, **карды кармоочу тосмолорду жана сигналдык чекиттерди орнотууну** камтыйт. Бул долбоор JICAнын КРгы жолдордогу табигый кырсыктардын алдын алууга багытталган долбоорлор портфелинин бир бөлүгү болуп саналат.
- Учурда дагы бир гранттык долбоордун алкагында Бишкек **–** Ош унаа жолунун **Чычкан капчыгайында кар көчкүдөн коргоочу галереясы** курулуп жатат.
- Учурдагы кредиттик долбоордун алкагында ошол эле трассага **таш кулоо жана жер көчкүдөн коргоо** үчүн инженердик курулуштар курулат.