> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык режимин тандоонун мөөнөтү 1-февралга чейин узартылды
- URL: https://im.kg/all/2021/12/29/salyk-rezhimin-tandoonun-m-n-t-1-fevralga-chejin-uzartyldy/
- Published: 2021-12-29T18:50:46.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык режимин тандоо үчүн арыз берүүнүн мөөнөтү 1-февралга чейин узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов билдирди.**

Буга чейин салык төлөөчүлөргө салык режими боюнча чечим кабыл алуу жана тиешелүү арызды берүү үчүн 15 гана жумушчу күнү бөлүнгөн болчу. Эске салсак, арызын өз убагында тапшырбагандар электрондук эсеп-фактураларды колдонууну талап кылган жалпы салык режимине которулат.

> Анын айтымында, учурда Салык кызматына арыздар түшүп жатат, бирок ишкерлер 10-январга чейин эс алса болот, анткени арыз жазуу 1-февралга чейин узартылды.

Умтуловдун билдиргенине караганда, бөлүм жумасына жети күн, эс алуусуз күчөтүлгөн режимде иштейт.