> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров: Мамлекеттик банктар аркылуу айыл чарбага берилчү насыялар жеке көзөмөлүмдө
- URL: https://im.kg/all/2022/01/01/sadyr-zhaparov-mamlekettik-banktar-arkyluu-ajyl-charbaga-berilch-nasyyalar-zheke-k-zm-l-md/
- Published: 2022-01-01T12:08:53.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:21:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик банктар аркылуу айыл чарба багытындагы иштерге берилген насыялардын максаттуулугу менин жеке көзөмөлүмдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн Жаңы жылдык куттуктоо сөзүндө билдирди.** 

Президент 6%дык арзан кредиттерди аткаминерлер тааныш-билиштикке салып, өздөрү алган учурларга эми жол берилбей тургандыгын айтты. 

Мындан тышкары, Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясына тарифтер Жаңы Жылдан баштап 50 тыйындан эсептеле баштаарын, бул **аз камсыз болгон 110 миңден ашуун** үй-бүлөгө мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоо экенин белгиледи. 

Ошондой эле медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин маянасы көтөрүлөөрүн да билдирди. 

> «Калкыбыздын саламаттыгына, билим алуусуна кам көрүү — биздин башкы мүдөөбүз, эң негизги приоритетибиз. Мамлекет тарабынан медицина кызматкерелерине, мугалимдерге карата мамиле кескин өзгөрөт. Алардын айлык-акыларын жогорулатабыз», – деди президент.