> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан «Центерра Голддогу» акцияларысыз калышы мүмкүн – канадалык компания сүйлөшүүлөрдө ийгиликке жеткенин ырастады
- URL: https://im.kg/all/2022/01/03/kyrgyzstan-centerra-golddogu-akciyalarysyz-kalyshy-m-mk-n-kanadalyk-kompaniya-s-jl-sh-l-rd-ijgilikke-zhetishkenin-yrastady/
- Published: 2022-01-03T16:00:00.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:16:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Канадалык алтын өндүрүүчү Centerra Gold Inc. Кумтөр долбоорунун келечеги боюнча Кыргызстандын бийлиги менен сүйлөшүү процессинде ийгиликке жетишкенин ырастады. Алардын негизги шарты – КРнын «Центерра Голддун» акцияларынан баш тартуусу болду.**

Бул тууралуу бүгүн, 3-январда канадалык компания КР президенти Садыр Жапаровдун «Кумтөр» кени боюнча «Центерра Голд» менен жакын арада жарашуу келишими түзүлүшү мүмкүн деген билдирүүсүнө жооп иретинде атайын пресс-релиз жарыялады.

Канадалык компаниянын билдирүүсүндө «Центерра Голд» 2021-жылдын май айында Кумтөр кенине байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү жана кенге көзөмөлдү кыргыз өкмөтү тартып алуусу боюнча КРнын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын ырастады.

**«Центерра Голд» жөнгө салуу келишиминде төмөнкү негизги шарттар камтылат деп күтүүдө:**

- «Центерра Голд» «Кыргызалтын» ААКга таандык «Центерра Голддун» **26.1%га жакын жөнөкөй акцияларын алат** ( КР мамлекеттик үлүшү 100%). Акцияларды алгандан кийин Centerra Gold аларды жокко чыгарат.
- **Кыргызстан** «Центерра Голддун» Кыргызстандагы эки туунду компаниясы («Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани») **үчүн толук жоопкерчиликти өзүнө алат**.
- «Центерра Голд» Кыргызстанга **2021-жылдын дивиденддерин төлөп берет**, себеби, «Кыргызалтын» ААК кенди чыгаруунун натыйжасында албай калган.
- Centerra Gold анын Кыргызстандагы эки туунду компаниясынын ортосундагы компаниялар аралык баланстарды жөнгө салууга байланыштуу **«белгилүү бир каржылык сый акыларды» төлөп берет**.
- «Кыргызалтын» ААКнын эки талапкери «Центерра Голд» **директорлор кеңешинин курамынан чыгат**.
- Тараптар **бардык дооматтарын толугу менен жана биротоло алып салышат** жана жоопкерчиликти мойнуна албастан **бардык юрисдикциялардагы бардык соттук териштирүүлөрдү токтотушат**.

> Жыйынтыктап айтканда, «Центерра Голддун» отчетунда Кыргызстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр уланып жатканы жана сунуш кылынган чечимдер аягына чыгаарына кепилдик жок экени айтылат.