> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРдагы кара металлды ЕАЭБ бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга 6 айга тыюу салынды
- URL: https://im.kg/all/2022/01/04/krdagy-kara-metalldy-eaeb-bazhy-ajmagynan-tyshkary-tashyp-chyguuga-6-ajga-tyjuu-salyndy/
- Published: 2022-01-04T08:16:38.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:05:14.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын ЕАЭБ бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.**

Кабыл алынган чечимге ылайык, КРдан кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихта куймаларын) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) **6 айлык мөөнөткө** убактылуу тыюу салынды. 

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына кабыл алынган чечимде көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүүсү тапшырылды.

Белгилесек, кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу чечими документ расмий жарыяланган күндөн тартып, он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.