> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 2 айга жете турган ун жана дан азыктары бар
- URL: https://im.kg/all/2022/01/07/kyrgyzstanda-2-ajga-zhete-turgan-un-zhana-dan-azyktary-bar/
- Published: 2022-01-07T13:08:10.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:02.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын ун чыгарган мекемелер Ассоциациясына кирген ун заводдорунда 2 айга жете турган ун жана дан азыктарынын запасы бар. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттикте өткөн жыйында аталган бирикменин төрагасы Рустам Жунушев билдирди.**

> Жунушев ошондой эле мурда түзүлгөн келишимдерге ылайык, январь айында Россиядан 30-40 миң тонна дан келиши күтүлүп жатканын да белгилеп өттү.

Белгилей кетсек, кечээ, 6-январда Монополияга каршы мамлекеттик агенттикте Казакстандагы окуяларга байланыштуу социалдык маанидеги товарлардын баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө максатында жыйын өткөн. Жыйынга «Народный», «Глобус», «Фрунзе», «Яр-Марка» соода түйүндөрүнүн жана ун ишканаларынын өкүлдөрү катышты.