> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жогорку Кеңеш Казакстанга аскер жиберүүгө макулдугун берди
- URL: https://im.kg/all/2022/01/07/zhogorku-ke-esh-kazakstanga-asker-zhiber-g-makuldugun-berdi/
- Published: 2022-01-07T13:48:30.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:02.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 7-январда Казакстандагы митингге байланыштуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында Кыргызстан Казакстанга аскер жөнөтүүгө макул болду.** 

Бул маселе боюнча парламенттик жыйын алгач ачык режимде өтүп жаткан, бирок кийинчерээк депутаттар жыйынды жабык өткөрүүгө макулдугун беришти. Кайра добуш берүүнүн жыйынтыгында, эл өкүлдөрүнүн 69 макул, жетөө каршы болду.

> УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жыйын бүткөн соң журналисттерге: «Президентибиздин сунушу каралды. Казакстан мамлекетине ЖККУнун чечимине ылайык, биздин аскерлерди жөнөтүү боюнча Жогорку Кеңеш макулдугун берди. Аскерлердин жөнөп кетишин, убактысын, шартын эми карап чыгабыз», – деди ал.

Жыйындын башында Камчыбек Ташиев Кыргызстан Казакстанга 150 адам, 8 брондолгон техника жана 11 машина жөнөтө турганын [билдирген эле.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/01/07/kazakstanga-krdan-150-asker-barat/)

6-январда казак президенти Касым-Жомарт Токаев 2-январдан бери уланып жаткан митингдерге байланыштуу ЖККУдан жардам сураган. Буга чейин Россия, Армения, Беларус, Тажикстан өзүнүн тынчтык орнотуучу күчтөрүн жөнөткөнү тууралуу маалымат бар.