> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстандагы башаламандыктан улам төрт казак миллиардеринин байлыгы 3 млрд долларга кыскарды
- URL: https://im.kg/all/2022/01/10/kazakstandagy-bashalamandyktan-ulam-t-rt-kazak-milliarderinin-bajlygy-3-mlrd-dollarga-kyskardy/
- Published: 2022-01-10T11:01:34.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:29:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Америкалык [Forbes](https://www.forbes.ru/milliardery/451985-sostoanie-milliarderov-iz-kazahstana-sokratilos-na-3-mlrd-posle-nacala-protestov) журналы казакстандык төрт миллиардердин байлыгы өлкөдөгү массалык баш-аламандыктардан улам 3 млрд долларга кыскарганын билдирди.**

4-январдан бери Kaspi.kz финтех-компаниясынын директорлор кеңешинин башчысы **Вячеслав Кимдин** байлыгы компаниянын акцияларынын 30%га төмөндөшүнөн улам **1.4 млрд долларга** (4.2 млрд долларга чейин) азайды.

Ошол эле Kaspi.kz сайтынын башкы директору **Михаил Ломтадзенин** байлыгы да **1.4 млрд долларга** (3.8 млрд долларга чейин) кыскарган.

**Динара Кулибаева** (Нурсултан Назарбаевдин ортончу кызы) менен анын **күйөөсү Тимур Кулибаевдин** байлыгы **200 млн долларга** (ар бири 3 млрд долларга чейин) азайган. Алар ээлик кылган «Халык Банктын» акциясынын баасы 16%га арзандаганы (Казакстандагы эң ири банк) белгилүү болду.

Казакстанда 2-январда массалык нааразылык акциялары башталып, көп узабай ал массалык башаламандыкка чейин жеткен. Учурда өлкөдөгү бизнеске 200 млн доллардан ашык суммадагы зыян келтирилгени жана анын дээрлик бардыгы Алма-Ата шаарына туура келгени айтылууда.