> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстанга жөнөтүлгөн КРнын куралдуу күчтөрү миссиясын аткарууга киришти. ЖЭБ-2 объектисин кайтарышууда
- URL: https://im.kg/all/2022/01/10/kazakstanga-zh-n-t-lg-n-krnyn-kuralduu-k-cht-r-missiyasyn-atkaruuga-kirishti/
- Published: 2022-01-10T16:32:56.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:29:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Казакстанга жөнөтүлгөн КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн тынчтыкты сактоочу аскердик контингенти миссиясын аткарууга киришкенин КРнын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

> Алар Алматы шаарынын ЖЭБ-2 маанилүү стратегиялык объектисин кайтарып жатышканын ведомстводон кабарлашты. 

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 1992-жылынын 15-майындагы 4-беренесине ылайык, КРдан Казакстанга 150 аскер [кеткен](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/01/07/kazakstanga-krdan-150-asker-barat/). 

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-январда, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров ЖККУнун онлайн режиминде өткөн кезексиз жыйынына катышып, сөз[ сүйлөдү](http://localhost/info-portal/novosti/2022/01/10/akylbek-zhaparov-prizval-odkb-prinyat-neobhodimye-mery-dlya-biznesa-i-mezhbankovskih-svyazej/). Ал эми президент Садыр Жапаров эмгек өргүүсүнө кетти.