> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сүттүн кымбатташы сезондук факторго байланыштуу – Монополияга каршы агенттик
- URL: https://im.kg/all/2022/01/10/s-tt-n-kymbattashy-sezonduk-faktorgo-bajlanyshtuu-monopoliyaga-karshy-agenttik/
- Published: 2022-01-10T11:59:37.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:02.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Сүттүн кымбатташы сезондук факторго байланыштуу. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын директорунун орун басары Ильяз Ташбаев «Биринчи Радиого» билдирди.**

Анын айтымында, Монополияга каршы орган тарабынан сүт өндүргөн ишканалардын өкүлдөрү чакырылып, сүт базарына талдоо жүргүзүлүп, бааны көтөрбөө боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Ал эми учурдагы сүт азыгынын кымбатташы – бул мезгилге байланыштуу.

> «Сүттүн баасынын көтөрүлгөнү – бул мезгилдик фактор. Күз-кыш мезгилинде көтөрүлөт, ал эми жаз-жай айларында кайрадан турукташат», – деди ал.

Ошондой эле Ташбаев өлкөдө социалдык мааниге ээ азыктардын 1.5 айга жеткидей запасы бар экенин, Казакстандагы окуяларга байланыштуу чек ара жабылса да баалардын кескин көтөрүлбөй турганын билдирди.