> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# АКШ январда КРга 150 миң доза Pfizer вакцинасын берет
- URL: https://im.kg/all/2022/01/11/aksh-yanvarda-krga-150-mi-doza-pfizer-vakcinasyn-beret/
- Published: 2022-01-11T13:03:03.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**АКШ январь айында КРга 150 миң доза Pfizer вакцинасын берет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Нолэн Джонсон маалымат жыйынында билдирди.**

Берилген маалыматка ылайык, аны жардам катары АКШ элчилиги берет. Эскерте кетсек, буга чейин 10-декабрда АКШ экинчи жолу КРга COVID-19-га каршы Pfizer вакцинасынын 49 140 дозасын тапшырган. Биринчи партия 2021-жылдын 27-октябрында келген болчу.

Пандемия башталгандан бери, АКШ КРга COVID-19 илдетин алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн **9 млн доллардан ашык каражат** бөлүп берген. Андан тышкары, бул акча жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого, медициналык жана башка адистерди окутууга багытталган.