> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «РСК Банктын» уставдык капиталы дагы 2 млрд сомго көбөйдү
- URL: https://im.kg/all/2022/01/11/rsk-banktyn-ustavdyk-kapitaly-dagy-2-mlrd-somgo-k-b-jd/
- Published: 2022-01-11T10:18:09.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«РСК Банк» ААКнын уставдык капиталы (мамлекеттик үлүшү 100%) дагы 2 млрд сомго көбөйтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын басма сөз кызматы билдирди.**

Тиешелүү чечимди аталган банктын жалгыз акционери – Мамлекеттик мүлк фонду кабыл алган. Белгиленгендей, уставдык капитал жөнөкөй акциялардын 21-чыгарылышынын жайгаштырылышына байланыштуу көбөйтүлгөн. Бир акциянын номиналдык баасы **500 сомду** түздү.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын ноябрь айында 20-чыгарылыштан улам «РСК Банк» ААКнын уставдык капиталы 885 млн сомго көбөйгөн болчу.