> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токаев Казакстанга келтирилген экономикалык зыянды 2-3 млрд доллар деп баалады
- URL: https://im.kg/all/2022/01/11/tokaev-kazakstanga-keltirilgen-ekonomikalyk-zyyandy-2-3-mlrd-dollar-dep-baalady/
- Published: 2022-01-11T10:38:03.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөгө келтирилген экономикалык зыянды 2-3 млрд доллар деп баалаганын Informburo басылмасы [жазып](https://informburo.kz/novosti/tokaev-v-agressii-protiv-kazahstana-prinimali-uchastie-boeviki-iz-centralnoaziatskih-stran-vklyuchaya-afganistan) чыкты.**

Токаевдин айтымында, Казакстанга каршы террордук чабуулга негизинен Борбор Азия өлкөлөрүнөн, анын ичинде Ооганстандан келген чет элдик согушкерлер катышкан.

> «Жакынкы Чыгыштан да согушкерлер келген. Алардын бийликти басып алуу менен биздин аймакта башаламандыкты жасоо идеясы болгон. Ошондуктан Казакстанда антитеррордук операция башталды»,– деди ал.

Касым-Жомарт Токаевдин билдиргенине караганда, баш аламандык учурунда 1300дөй ишкана жабыркап, 100дөн ашуун соода борборлору менен банктарга кол салуу болуп, 500дөй полиция унаасы өрттөлгөн.