> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# БАЭ кыргыз балына кызыкдар экенин билдирди
- URL: https://im.kg/all/2022/01/13/bae-kyrgyz-balyna-kyzykdar-ekenin-bildirdi/
- Published: 2022-01-13T10:40:53.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстан менен соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу кечээ, 12-январда ЭКСПО-2020 көргөзмөсүндөгү кыргыз павильонуна барганда белгилүү болгонун БАЭ өкмөт мүчөсү, Экономика министри Абдулла бин Тоук Аль Марри билдирди.**

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдиргендей, павильонго коюлган продукциялар менен таанышкандан кийин министр Кыргызстандын БАЭ рыногуна продукцияны киргизүү боюнча чоң мүмкүнчүлүктөрү жана потенциалы бар экенин белгиледи. 

Делегациянынын көңүлүн өзгөчө бал азыктары кызыктырган. Министр Абдулла бин Тоук Аль Марри кыргыз балы жана анын эң сонун сапаттары тууралуу укканын айтып, кыргыз балы БАЭде татыктуу көрсөтүлөт деген ишенимин билдиргенин КРнын Соода-өнөр жай палатасы кабарлады.