> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстан картошка, сабиз жана малды экспорттоого убактылуу тыюу салды
- URL: https://im.kg/all/2022/01/13/kazakstan-kartoshka-sabiz-zhana-maldy-eksporttoogo-ubaktyluu-tyjuu-saldy/
- Published: 2022-01-13T10:49:59.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Казакстан бааны турукташтыруу үчүн алты айга бодо малды жана майда малды экспорттоого тыюу салды. Ушундай эле чектөө үч айлык мөөнөткө картошка менен сабизди экспорттоого да киргизилгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.**

> «Өлкөдөгү бааны турукташтыруу максатында социалдык маанидеги азык-түлүк товарларына, тагыраак айтканда, анын ичинде уй, кой сыяктуу бодо малдарды экспорттоого 6 айга, картошка менен сабизге 3 айга сыртка чыгарууга тыюу салынды», – деп айтылат маалыматта.