> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстанга кеткен кыргызстандык аскерлер жакында кайтышат
- URL: https://im.kg/all/2022/01/13/kazakstanga-ketken-askerler-zhakynda-mekenine-kajtyshat/
- Published: 2022-01-13T12:05:16.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында Казакстанга кеткен аскерлер эртең, 14-январда кайтып келет. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Берилген маалыматка ылайык, аскерлер өз унаалары менен «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктуна келип, Токмок шаарындагы туруктуу жайгаша турган жайга барышат.

Эскерте кетсек, Кыргызстандан Казакстанга жалпысынан «Скорпион» бөлүмүнөн 150 аскер кызматкери, сегиз бронтехника жана 11 аскердик техника [жөнөтүлгөн.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/01/07/kazakstanga-krdan-150-asker-barat/)