> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2021-жылы КРнын ЕАЭБ мамлекеттери менен  соода көлөмү 3 млрд долларга жетти
- URL: https://im.kg/all/2022/01/14/2021-zhyly-krnyn-eaeb-mamleketteri-menen-sooda-k-l-m-3-mlrd-dollarga-zhetti/
- Published: 2022-01-14T12:53:52.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:17.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2021-жылдын январь-ноябрына карата 2.9 млрд долларды түзгөн. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалымат кызматы билдирди.** 

Бул көрсөткүч 2020-жылдын январь-ноябрына салыштырганда 31.4%га өскөнүн көрсөтөт. Мында **экспорттук жөнөтүүлөр 30.4%га, импорттук келип түшүүлөр 31.7%га** жогорулаган. 

Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын **эң чоң үлүшү** январь-августта **Россияга (65.5%)** жана **Казакстанга (32%)** туура келди. 

**КРнын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы**  
*(мурдагы жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)*

#### **Импорт**

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/import-statkom.png)

#### **Экспорт**

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/eksport-statkom.png)