> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2021-жылы КРнын өнөр жай продукциясынын көлөмү дээрлик 360 млрд сомду түздү
- URL: https://im.kg/all/2022/01/14/2021-zhyly-n-r-zhaj-produkciyanyn-k-l-m-deerlik-360-mlrd-somdu-t-zd/
- Published: 2022-01-14T12:22:59.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын январь-декабрына карата КРнын өнөр жай продукциясынын көлөмү 357 млрд сомду түзүп, мурдагы жылдын ошол мезгилине салыштырганда 9%га көбөйдү. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.**

Өнөр жай продукциянын көбөйүшүтазаланган мунай азыктарынын өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшү (67%), ошондой эле резиналык, пластмассалык буюмдар, башка металл эмес минералдык продуктулардан (29.5%), жыгач жана кагаздан жасалган буюмдар, полиграфиялык ишмердүүлүк (26.2%), азык-түлүк продуктулары (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки заттары (13.3%), жер астынан казып чыгаруулучу пайдалуу заттарды өндүрүү (21.2%), ошондой эле негизги металлдарды өндүрүү жана унаа менен жабдуулардан тышкары даяр металл буюмдары (3%) өсүшүнөн келип чыккан.

**Өнөржай продукциялардын көлөмү**  
*(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)*

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/onor-zhaj.png)