> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен районундагы кичи ГЭСтин курулушуна жеке инвестор 1 млн доллар инвестиция салды
- URL: https://im.kg/all/2022/01/14/batken-rajonundagy-kichi-gestin-kurulushuna-zheke-investor-1-mln-dollar-investiciya-saldy/
- Published: 2022-01-14T13:37:47.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:11:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен облусунда кичи ГЭС курулуп жатат. Курулушка жеке инвестор 1 млн доллардан ашык каражат бөлгөндүгүн Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев билдиргенин президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.**

Анын айтымында, ГЭС Кыштут айыл аймагын электр энергиясы менен камсыздамакчы.

> Кичи ГЭСтин курулушу өткөн жылдын сентябрь айында башталып, ага 20 жумушчу тартылган. Иш жазга чейин бүтөрү күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Энергетика министрлиги Кыргызстанда 48 кичи ГЭСти курууну пландап жатат.