> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экономика министрлиги унаалардын айнегин акы төлөп караңгылатууга уруксат берүүнү сунуштоодо
- URL: https://im.kg/all/2022/01/14/ekonomika-ministrligi-unaalardyn-ajnegin-aky-t-l-p-kara-gylatuuga-uruksat-ber-n-sunushtoodo/
- Published: 2022-01-14T10:28:46.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:54:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Экономика министрлиги бюджетти толтуруу максатында учурда Кыргызстанда тыюу салынган унаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга акы төлөнүүчү уруксатты киргизүүнү сунуштап жатат.** 

Мындай демилгени Экономика министрлиги республикалык **бюджетке салыктык эмес кирешелерди көбөйтүү максатында** көтөрүп чыккан. 

Министрликтин айтымында, акы төлөнүүчү уруксатты киргизүү унаа ээлерине мыйзамдуу түрдө унаанын айнектерин караңгылатуу мүмкүнчүлүгүн берет. Башкармалык ошондой эле мисал катары өткөн жылдын 11 айында жол кайгуул кызматы **айнекти караңгылатуу боюнча** **2559 протокол** түзгөнүн айтты. 

Эгерде бул демилге жактырылса, тонировкалоого акы төлөнүүчү уруксаттын баасы Министрлер кабинети тарабынан аныкталат.