> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандагы 2021-жылдын топ-10 популярдуу кесиби – HeadHunter
- URL: https://im.kg/all/2022/01/14/kyrgyzstandagy-2021-zhyldyn-top-10-populyarduu-kesibi-headhunter/
- Published: 2022-01-14T10:51:15.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**HeadHunter ([headhunter.kg](https://bishkek.headhunter.kg/)) сайтта жайгаштырылган иш берүүчүлөрдөн келген вакансиялардын жана талапкерлердин резюмелеринин анализинин негизинде «Кыргызстандыктар 2021-жылы кандай жумуш издешти?»** **деген суроого жооп таап, өткөн жылдын эң популярдуу кесиптерин аныктады.**

headhunter.kg сайтынын колдонуучуларынын издөө суроолорунун негизинде 2021-жылдагы эң популярдуу 10 кесиптин алдыңкы үчтүгүнө **сатуу боюнча менеджерлер**, **инженерлер** жана **сатуучулар** кирген. Ошондой эле, талапкерлер бухгалтерлер, администраторлор, операторлор, айдоочулар, экономисттер, курьерлер жана юристтер үчүн ылайыктуу вакансияларды издешкен.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/image-1.png)

HeadHunter жумуш издегендердин суроо-талаптарын талдап чыгып, **биринчи орунда – сатуу тармагы**, экинчиде – **административдик кызматкерлер** чөйрөсү, үчүнчү орунда – **бухгалтерия, эсеп жана финансы** тармагы болгонуна күбө болушкан. Ал эми алдыңкы бештикке маалымат технологиялары жана транспорт/логистика да кирген.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/01/image-2.png)

- HeadHunter (headhunter.kg) **–** Кыргызстандагы жана КМШ өлкөлөрүндөгү онлайн жумуш издөө жана жумушка алуу платформасы болуп эсептелет.