> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өткөн жылы эң көп алкоголдук ичимдиктер менен тамеки кымбаттаган – 14.4%
- URL: https://im.kg/all/2022/01/14/tk-n-zhyly-e-k-p-alkogolduk-ichimdikter-menen-tameki-kymbattagan-14-4/
- Published: 2022-01-14T12:40:16.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук статистикалык комитет 2021-жылдагы керектөө бааларына талдоо жүргүзүп, эң көп алкоголдук ичимдиктер менен тамеки кымбаттаганын маалымдады.** 

Өткөн жылдын январь-декабрында (мурдагы жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү **11.2%ды түзгөн.**

> Ушул эле учурда тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы **13.3%га**, **алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки 14.4%га**, азык-түлүк эмес товарлар **9.7%га**, кызмат көрсөтүүнүн тарифтери **7.1%га** көтөрүлгөнү байкалган.

2021-жылдын январь-декабрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын баардык региондорунда байкалган. 

> Мында баанын максималдуу өсүүсү башка региондорго салыштырганда **эң чоң пайыздык көрсөткүч** **(14.9%) Жалал-Абад** **облусунда** катталган. Ал жерде азык-түлүк эмес товарлардын баасы (20.1%га) жогору экени аныкталган.