> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЖКнын тармактык комитеттеринин төрагаларынын орун басарлары шайланды
- URL: https://im.kg/all/2022/01/14/zhknyn-tarmaktyk-komitetterinin-t-ragalarynyn-orun-basarlary-shajlandy/
- Published: 2022-01-14T11:19:40.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 13-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында тармактык комитеттердин төрагаларынын орун басарлары шайланды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.**

Алгач депутаттар бирдиктүү комитет режиминде иш алып баруу менен сунушталган депутаттардын талапкерлигин карап, колдоого алышты. Андан соң сунушталган талапкерлерге жалпы жыйында добуш берилди.

**Жыйынтыгында:**

1. ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына **Коргонбай уулу Жусупбек, Чыңгыз Ажыбаев** жана **Замирбек Мамасадыков** шайланышты. Төрага – Медербек Алиев.
2. Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына **Лейла Лурова, Чолпон Султанбекова** жана **Айбек Осмонов** дайындалды. Төрага –Жанарбек Акаев.
3. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына **Миргуль Темирбаева** жана **Жаныбек Кыдыкбаев** шайланды. Төрага – Аманкан Кенжебаев.
4. Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымынын орун басарлыгына **Гүлкан Молдобекова, Айбек Маткеримов** жана **Аида Исатбек кызы** дайындалды. Төрайым – Динара Ашимова.
5. Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына **Мирлан Самыйкожо, Марат Мураталиев, Кундузбек Сулайманов** шайланышты. Төрага – Азизбек Турсунбаев.
6. Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына **Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов, Эльдар Сулайманов** шайланышты. Төрага –Бактыбек Сыдыков.
7. Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына **Айсара Абдибаева, Өмурбек Бакиров, Дастан Бекешев** дайындалышты. Төрага –Данияр Төлөнов.
8. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына **Русланбек Жакишев, Искендер Матраимов** жана **Бакыт Тентишев** шайланышты. Төрага – Сүйүнбек Өмүрзаков.