> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Декабрь айында аба ырайы жылуу болгондуктан электр энергиясын керектөө 300 млн кВт/саатка кыскарды
- URL: https://im.kg/all/2022/01/17/dekabr-ajynda-aba-yrajy-zhyluu-bolgonduktan-elektr-energiyasyn-kerekt-300-mln-kvt-saatka-kyskardy/
- Published: 2022-01-17T11:56:12.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:38:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Декабрь айында аба ырайынын жылуу болгондугуна байланыштуу электр энергиясын керектөө дээрлик 329 млн кВт/саатка кыскарган. Мындай маалыматты «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын диспетчердик кызматы билдирди.**

> Кыргызстанда декабрь айында электр энергиясын керектөө **1 млрд 757 млн кВт/саатты** түзсө, былтыр, 2020-жылдын декабрь айында сууктун кесепетинен **2 млрд 86 млн кВт/саат** электр энергеиясы колдонулган.

Белгилей кетсек, ушундай эле көрүнүш ноябрь айында да байкалып, 2020-жылдын ноябрь айындагы 1 млрд 717 млн кВт/саатка салыштырмалуу жалпы керектелген электр энергиянын көлөмү 1 млрд 667.6 млн кВт/саатты түзгөн.